• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Өзгөндө мектептин капиталдык оңдоо иштерине 43,6 млн сом жумшалат

Аймак 0

Бишкек, 10.04.24. /Кабар/. Өзгөн районунун Эркин-Тоо айылындагы мектептин капиталдык оңдоо иштрине 43 млн 670 миң 109 сом жумшоо пландалууда.

Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка караганда, тендерди Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаментинин Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялаган.

Сынактык билдирүүнү берүүнүн мөөнөтү 29-апрелге чейин, ал эми иштерди аткаруунун мөөнөтү 2025-жылдын III кварталынын аягына чейин деп белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий