• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жаан, кар жаайт! Синоптиктер шашылыш билдирүү таратты

Коом 0

Бишкек, 05.04.23. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Маалыматка ылайык, 7-апрелде күндүз жана 8-9-апрель күндөрү Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт.

7-апрелде күндүз жана 8-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда нөшөрлүү жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы мүмкүн.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы, 8-апрелде күндүз Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Ал эми Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаап, 9-апрелде көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 7-8-апрелдерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге, 9-апрелде айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Пикир

Оставить комментарий