• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жаан жаап, күн күркүрөйт. 5-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 05.04.24. /Кабар/. Кыргызстанда 5-апрель күнү күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондордо карга айланат. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда күндүз 17…22, Талас, Ысык-Көл облустарында 15…20 градус жана Нарында 10…15 градус жылуу болушу күтүлүүдө.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүзгү абанын табы 18…23 градуска чейин көтөрүлөт.

Борбор калаабыз Бишкекте күндүз жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы күндүз 20…22 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий