• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад облусунун башчысы район жана шаарларда эл менен жолугушат. Графиги

Аймак 0

Бишкек, 06.05.22. /Кабар/. Мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев эл менен жолугушууларды өткөрөт.

Өкүлчүлүктөн билдиргендей, жолугушуулар өлкө жарандарынын жер-жерлердеги курч көйгөйлөрүн ыкчам кароо, орун алган маселелерди жеринде чечүү максатын көздөйт.

Облус башчысынын район жана шаарлардын эли менен жолугушуусунун графиги:

11-апрель, саат 11:00, Токтогул району, райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залы.

12-апрель, саат 10:00, Кара-Көл шаары, мэриянын жыйындар залы.

13-апрель, саат 10:00, Таш-Көмүр шаары, мэриянын жыйындар залы.

14-апрель, саат 09:30, Майлуу-Суу шаары, мэриянын жыйындар залы.

15-апрель, саат 10:00, Жалал-Абад шаары, мэриянын жыйындар залы.

16-апрель, саат 10:00, Ноокен району, райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залы.

17-апрель, саат 11:00, Сузак району, райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залы.

18-апрель, саат 09:30, Чаткал району, райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залы.

19-апрель, саат 10:00, Аксы району, райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залы.

20-апрель, саат 11:00, Ала-Бука району, райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залы.

21-апрель, саат 11:00, Базар-Коргон району, райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залы.

22-апрель, саат 10:00, Тогуз-Торо району, райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залы.

Пикир

Оставить комментарий