• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад облусунун башчысынын орун басары Сузактагы күйөөсүнөн жабыркаган аялдан кабар алды

Аймак 0

Бишкек, 18.06.20. /Кабар/. Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков брифингде Сузак районундагы күйөөсүнөн жабыркаган аял менен жолугушканын айтты.

Анын айтымында, жабыркаган аялга медициналык, психологиялык жардам көрсөтүлдү.

"Жакында ал үй-бүлө менен жолугуштум. Аялдын, бир туугандарынын оюн уктум. Ошондой эле балдары менен да сүйлөштүм. Окуянын чыгуу себеби боюнча укук коргоо органдары териштирүү иштерин жүргүзүп жатат", - дейт ал.

Ызабеков ал адамдын ден соолугун текшерүү үчүн дарыгерлер барганын айтат.

Пикир

Оставить комментарий