• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Талас облусунда милиция кызматкерлери жарандардын коопсуздугун сактоо боюнча тынымсыз иш алып барууда

Аймак 0

Бишкек, 18.06.20. /Кабар/. Талас облусунун аймагында милиция кызматкерлери жарандардын коопсуздугун сактоо жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча тынымсыз иш алып барууда. Бул тууралуу Талас облустук милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Талас облусунун аймагында жана Талас шаарында иштеген бассейндерде санитардык-эпидемиологиялык талаптардын аткарылышы жана ал жерлерде коопсуздук шарттары текшерилүүдө.

Шаар ичинде жеке 3 бассейн жана сууга түшүүчү ондон ашык көлмөлөр бар. Талас токоюнун агын суусунун жээгинде да ар дайым сууга түшүүчүлөр арбын. Талас ШИИБнин кызматкерлери шаар аймагындагы каналдарга, бассейндерге, агын сууларга, көлмөлөрдүн көрүнүктүү жерлерине атайын эскертмелерди, баннерлердин илинишин көзөмөлгө алууда.

Андан тышкары, COVID-19 илдетинин жайылуусунун алдын алуу иштерин жүргүзүп жатышат. Парктарда, эс алуучу коомдук жайларда элдердин медициналык беткаптар менен жүрүүсүн талап кылып, ал чаралар илдеттин жайылуусуна бөгөт коюу максатында экендигин түшүндүрүшүүдө.

Пикир

Оставить комментарий