• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абадда эки жаштагы наристе иске ууланып каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 08.01.23./Кабар/. Жалал-Абад облусунда 2020-жылы туулган наристе иске ууланып каза болду. Маалыматты "Кабар" агенттигине Жалал-Абад облустук милициясынын маалымат кызматынан тастыкташты.

Билдирүүгө ылайык, 8-январда саат 01:30 чамасында Жалал-Абад облустук ооруканасынан милицияга билдирүү түшкөн.

Бул окуя Жалал-Абад ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына "Уулануу" болуп катталып, териштирүү иштери башталган.

Окуя болгон жерге Жалал-Абад ШИИБдин тергөө-ыкчам тобу барган.

"2023-жылдын 7-январында саат 20:00 чамасында 1993-жылы туулган келин кошумча жумуш кылганы идиш жууганы чыгып кетип жатып, 2019-жылы туулган эркек баласын жана 2020-жылы туулган кызын уктатып үйүнөн чыгып кеткен. Кайра 23:30 чамасында жумуштан келсе, үйүндө электр жылыткычтын зымы ээрип, түтүн каптап, кызы каза болуп калгандыгы аныкталган. Уулу оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий