• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Жалал-Абадда капиталдык салым бир жарым эсе өстү

Аймак 0

Бишкек, 25.06.18. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында капиталдык салым кийирүү көлөмү быйылкы жылдын алгачкы беш айында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бир жарым эседен ашун өскөн. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Алынган маалыматтарга караганда, өткөн жылы беш айда капиталдык салым жумшоонун көлөмү 147,3 миллион сомду түзгөн болсо, быйылкы жылы беш айдагы анын көлөмү 239 миллион сомго жеткен. Демек, өткөн жылдагыдан 91,7 миллион сомго көптүк кылат же өсүү темпи 162,3 пайызды түздү.

Ага жараша курулган турак жайлардын аянты да өткөн жылдагыдан көп болду. Мисалы, өткөн жылдын алгачкы беш айында курулган турак жайлардын жалпы аянты 6665 чарчы метрди түзсө, быйылкы анын жалпы аянты 8422 чарчы метрге жеткен. Демек, өткөн жылдагыдан 1757 чарчы метрге көп болуп, өсүү темпи 126,4 пайыз болду.

Пикир

Оставить комментарий