• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалын Жээналиев Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары болду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 20.02.23. /Кабар/. Жалын Жээналиев Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Жээналиевди жамаатка президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы Жетиген Бакиров тааныштырды.

Буга чейин Жалын Жээналиев президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башкы эксперти кызматын ээлеген.

Жалын Жээналиев 1991-жылы 9-сентябрда туулган.

Пикир

Оставить комментарий