• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жогорку Кеңештин төрагасы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ишмердүүлүгү менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 29.01.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетине барды.

Парламенттен билдиришкендей, алгач төрага окуу жайдын ишмердүүлүгү менен таанышып, окуу бөлмөлөрүн жана лабораторияларын көрүп чыкты.

Андан соң окутуучулар жамааты жана студенттери менен жолугушту.

Жолугушууда Кыргызстан үчүн билим берүү тармагы артыкчылыкка ээ экенин белгилеп: “Билимдүү коом жаралмайын, өнүккөн өлкөнү кура албайбыз. Мамлекеттин алдыга жылышы жарандарыбыздын билимине көз каранды. Андыктан, мамлекет тарабынан билим берүү жайларынын ишин жакшыртуу жана агартуучуларды колдоо багыттында алгылыктуу аракеттер көрүлүүдө”, – деди.

Муну менен катар калктын саламаттыгын чыңдоо үчүн өлкөдөгү ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздукту камсыздоо башкы максат экенин айткан төрага: “Айрыкча илим менен тажрыйбаны айкалыштырып, өлкөбүздүн агрардык өнөр жай тармагын өнүктүрүүбүз кажет. Бул үчүн айыл чарба маселелерин мыкты түшүнгөн, аны өнүктүрүүнүн заманбап ыкмаларын жакшы өздөштүргөн адистер өтө зарыл. 90 жылдык тарыхка ээ К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети коюлган талаптарды эске алып, алдыңкы адистерди чыгарган улуу окуу жай катары кызмат кылууну улантат деген ишеничтемин”, – деп кошумчалады.

Ошондой эле окуу жайды өнүктүрүү багытындагы сунуш-пикирлери менен бөлүшүп, алдыңкы университетке айлантуу үчүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо зарыл экенин токтолду.

Баарлашуу суроо-жооп иретинде уланып, агартуучуларды турак жай менен камсыздоо, айлык маянасын жогорулатуу, студенттер үчүн каралган стипендиянын көлөмүн көтөрүү өңдүү талаптар айтылды.

Акыркы жылдары билим берүү тармагына бөлүнгөн каражаттын көлөмү көбөйгөнүн эске салган төрага: “Каражаттарды сарамжалдуу пайдаланып, агрардык өлкө катары аталган багытта билим берген окуу жайга өзгөчө көңүл бурушубуз керек. Андыктан айтылган ар бир сунуш эске алынып, тиешелүү иштер жүргүзүлөт”, – деди.

Жолугушуунун алкагында Нурланбек Шакиев университетке заманбап компьютерлерди тапшырып, окуу жылдын аягында Жогорку Кеңештин атынан алдыңкы 15 студентке 20 миң сомдон стипендия, эки окутуучунун илимий ишмердүүлүгүн колдоо катары 100 миң сомдон берерин маалымдады.

“Бул башталышы гана. Мындай колдоолор дагы улантылат. Студенттерди шыктандырып, агартуучуларга колдоо көрсөткөндө гана натыйжалуу жыйынтыкка жетише алабыз”, – деди төрага.

Пикир

Оставить комментарий