• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жогорку Кеңештин төрагасы Сокулуктагы реабилитациялык борборго барды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 02.12.22. /Кабар/. Бүгүн, 2-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Сокулуктагы майыптыгы бар жарандар үчүн реабилитациялык борборго барып, социалдык мекеменин ишин жана муктаждыктарын жеринде көрдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Карим Ханджеза жана эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышты.

Төрага балдардын күчү менен даярдалган концерттик программаны көрүп, сөз сүйлөдү. Анда Нурланбек Шакиев 3-декабрь - Майыптардын эл аралык күнүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга карата мамлекеттик саясаттын негизги принциптери тууралуу сөз кылып, майыптардын укуктарын сактоо, социалдык жактан коргоо жана башка кепилдиктерди камсыздоо боюнча көрүлүп жаткан негизги чараларга токтолду.

“Биринчиден, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды чоң мээрим жана камкордук менен тарбиялап жаткан кызматкерлерге терең ыраазычылык билдирем. Куранда айтылгандай, майыптар чыдамкайлыгы жана өжөрлүгү менен дени сак адамдарга үлгү жана Жараткан аларга жалаң жакшылыктарды ыроолойт”, - деп баса белгиледи төрага.

“Бүгүнкү күндө мындай борборлорго ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө мамлекеттин мүмкүнчүлүгү жетет жана парламент көзөмөлдөөчү орган катары бул маселеге өзгөчө көңүл буруп келүүдө”, - деди ал.

Реабилитациялык борбор менен таанышуу учурунда төрага балдардын колунан жаралган буюмдардын көргөзмөсү менен таанышып, борборго өзүнүн резервдик фондунан 200 миң сом суммасында бир кир жуугуч, эки кургатуучу машинаны, кир жуучу жана гигиена каражаттарын, жана балдар үчүн атайын белектерди тапшырды.

Эскерте кетсек, Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн Сокулуктагы реабилитациялоо борбору Сокулук районунун Ичке-Суу (Маловодный) айылында жайгашкан.

Мекеме 2014-жылдын 27-январында түзүлгөн. Бул жерде 4 жаштан 18 жашка чейинки 76 бала (32 кыз балдар, 44 уул бала) тарбияланууда. Бул жердегилерге такай жана убактылуу социалдык медициналык, социалдык педогогикалык жана психологиялык жардамдар көрсөтүлүп турат.

Пикир

Оставить комментарий