• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Манасчы Исаковдун Гиннесс китебине киргенин тастыктаган сертификат тарых музейине коюлду

Маданият 0

Бишкек, 02.12.22. /Кабар/. Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти, манасчы Рысбай Исаковдун Гиннесстин рекорддор китебине катталгандыгын тастыктаган сертификатын Улуттук тарых музейине тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Бүгүн, 2-декабрда сертификатты Улуттук тарых музейинде расмий тапшыруу аземи маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Жогорку Кеңештин депутаты, коомдук ишмерлер жана башка бир катар өнөр адамдарынын катышуусунда өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө министр Алтынбек Максутов манасчы Рысбай Исаковду жараткан ийгилиги менен дагы бир ирет куттуктап, манасчыга бекем ден соолук, чыгармачылык ийгиликтерди каалады.

Эске салсак, буга чейин Рысбай Исаков Түркиянын Бурса шаарында өткөн “Манас" жумалыгына катышып, манас айтуучулук багыты боюнча дүйнөлүк Гиннесстин рекорддор китебине 124 саат убакытка көркөм окуу боюнча катталган.

Пикир

Оставить комментарий