• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жогорку Кеңештин депутаттары эмгек мигранттарынын көйгөйлөрүн талкуулады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 12.04.24. /Кабар/. Күн мурун Жогорку Кеңештин төрагасына караштуу Миграция маселелери жана адамдарды сатууга каршы аракеттенүү боюнча кеңештин кезектеги жыйыны өттү.

Жыйынга Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев, депутаттар Медербек Алиев, Сеидбек Атамбаев, Дастан Бекешев, Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева жана Россия Федерациясынан келген эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Тегерек столдун ачылышында сөз сүйлөгөн төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев алгач Москва шаарына жакын жердеги «Крокус Сити Холл» концерттик залында катталган окуяга байланыштуу көңүл айтты.

Андан соң миграция азыркы дүйнөлүк түзүлүштүн ажырагыс бөлүгү экендигин баса белгилеген төраганын орун басары аталган иш-чаранын маанилүүлүгүнө токтолду.

«Россияда иштеп, окуп жүргөн мигранттар өлкөнүн экономикасына маанилүү салым кошууда. Ошентсе да башка өлкөлөрдөн келген мигранттар сыяктуу эле алар да бир катар көйгөйлөргө, өзгөчө учурдагы татаал геосаясий кырдаалга байланыштуу кыйынчылыктарга туш болушууда», - деди Нурланбек Азыгалиев.

Андан сырткары, төраганын орун басары кыргызстандык мигранттардын негизги көйгөйлөрү жумуш ордунда укуктарынын бузулушу, эмгек акыларын ала албай калышы жана начар эмгек шарттары экенин белгиледи.

Ал эми эл өкүлү Сеидбек Атамбаев Россиядагы мекендештер саламаттыкты сактоо, турак жай жана башка социалдык кызматтарды алуудагы көйгөйлөр боюнча көп кайрылышарын белгиледи.

Жогорку Кеңештин төрагасына караштуу Миграция жана адамдарды сатууга каршы аракеттенүү маселелери боюнча кеңештин жыйынына активдүү катышкан эл аралык жана жарандык коомдун өкүлдөрү чет жактарда эмгектенип жүргөн мигранттардын абалын жакшыртууга байланыштуу бир катар сунуш-пикирлерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий