• 88.68
  • 95
  • 0.95

Президент Жалал-Абаддын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө арналган жумушчу кеңешме өткөрдү

Президент 0

Бишкек, 12.04.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында облустун жана Жалал-Абад шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө арналган жумушчу кеңешме өткөрдү.

Кеңешменин жүрүшүндө президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев жана Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков мамлекет башчысына 2023-жылы аткарылган иштер жана алдыдагы пландар тууралуу маалымат беришти.

Маалыматты угуп, Садыр Жапаров акыркы жылдары облуста жана Жалал-Абад шаарында болуп жаткан оң жактуу өзгөрүүлөрдү канааттануу менен белгиледи.

Мамлекет башчысы элдин жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталган активдүү ишти ушундай эле темпте улантууну, мындан тышкары, ишкердикти өнүктүрүү, жаңы жумуш орундарын түзүү боюнча системалуу иштерди алып барууну тапшырды.

Ушул эле жерде президентке 2023-жылдын октябрында курулушуна “мезгил кутучасы” салынган Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын региондорунун Достук паркынын кыскача презентациясы жасалды.

Бүгүнкү күндө парктын башкы планы түзүлүп, макулдашылды, жер иштери башталды.

Достук паркы — бул жалпы аянты болжол менен 8.16 гектарды түзгөн экологиялык парк. Анын аймагында коомдук зона, балдар аянтчасы, кургак фонтан, спорттук зона, массалык иш-чаралар аянтчасы, арт-объектилер, трибуналар, парк павильондору, веложол, 150 орундуу амфитеатр жана башка көптөгөн нерселер курулат деп күтүлүүдө.

Долбоордун жалпы наркы 2 млн долларды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий