• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

АКШда биринчи жолу Кыргызстандын этномаданий көргөзмөсү ачылды — сүрөт

Коом 0

Бишкек, 12.04.24. /Кабар/. Чикагодо Кыргызстандын АКШдагы биринчи этномаданий көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Көргөзмөгө кыргыздын кайталангыс маданиятынын жана тарыхынын көп түрдүүлүгүн чагылдырган түрдүү экспонаттар коюлган.

Бул иш-чара Кыргызстандын маданияты менен каада-салттарынын чыныгы майрамына айланып, АКШдагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнүн да, бардык маданият жана искусство сүйүүчүлөрүнүн да көңүлүн бурду.

Көргөзмөнүн коноктору Кыргызстандын бай маданий мурасына сүңгүп, кыргыздын улуттук тамак-аштарынан, бай бий программасынан, комузда кол ойнотуудан жана башка көптөгөн кызыктуу иш-чаралардан ырахат алууга уникалдуу мүмкүнчүлүк алышты.

Иш-чара Кыргызстандын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугунун колдоосу менен "Kyrgyz Community Center" кыргыз коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган.

Башкы консул Болотбек Борбиев бул көргөзмө келечекте АКШдагы жаңы өсүп келе жаткан муун үчүн кыргыз элинин бай маданиятын жана тарыхын даңазалап тура турган музейге айланарын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий