• 88.68
  • 95
  • 0.95

Москвада полиция КР дипломатынын үйүндө мыйзамсыз тинтүү жүргүзгөн. ТИМ нота жөнөттү

Саясат 0

Бишкек, 12.04.24. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинде Россиянын элчилигинин кеңешчи-консулу Андрей Бурьевой менен жолугушуу болуп өттү.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарабы Россиянын ички иштер органдарынын кызматкерлеринин Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кеңешчисинин үй-бүлө мүчөлөрүнө карата “Дипломатиялык мамилелер жөнүндө” 1961-жылдагы Вена конвенциясынын жоболорун одоно бузган аракеттерине өзүнүн тынчсыздануусун билдирди.

Ошондой эле, Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн аккредитациялан кызматкерлерине карата Россиянын укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан мындай аракеттер кабыл алынгыс болуп, кылдаттык териштирүүнү жана күнөөлүлөрдү кыска мөөнөттө жоопко тартууну талап кылары белгиленди.

Өз кезегинде, Россия элчилигинин консулу Андрей Бурьевой бул факты боюнча өкүнүчүн билдирүү менен Россиянын Тышкы иш тер министрлиги кыргыз тарабынын ңотасын алгандыгын тастыктап, анын негизинде учурда тиешелүү текшерүү жүрүп, жыйынтыгы боюнча кыргыз тарабы маалымданарын билдирди.

Эскерте кетсек, соцтармактардан белгилүү болгондой, 8-апрелде полиция кызматкерлери Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кеңешчисинин үйүнө мыйзамсыз тинтүү жүргүзгөн. Дипломат диппаспортторун көрсөткөндөн кийин да полиция кызматкерлери миграциялык каттоого документтерди талап кылууну уланта берген. Ошондой эле алар эшикти талкалап, жубайынын денесине залал келтирип, балдарын коркуткан.

Пикир

Оставить комментарий