• 88.68
  • 95
  • 0.95

Зиядин Жамалдинов Араван районунда жазгы талаа иштеринин жүрүшү менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 05.04.22./Кабар/. Бүгүн, 5-апрелде КРнын президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Ош облусунун Араван районуна жумушчу сапары менен барды.

Өкүлчүлүктөн билдиргендей, жумушчу сапарда С.Юсупова айыл аймагынын “Бирлик” үрөөнчүлүк чарбасынын пахта аянтында Кытайдан алынып келинген К 65 сортундагы пахта уругун эгүү ишине катышты. Алгачы жолу Араванга эгилип жаткан пахтанын К 65 сортунун өзгөчөлүгү- ага курт түшпөйт жана тез өнөт.

“Мурда Ош облусунда эгилген пахтаны биз сырье катары чет өлкөгө экспорттосок, азыр Ош облусунда пахтаны кайра иштетүү өнөр жайларын өнүктүрүу үчүн инвесторлорду тартып, алар үчүн атайын жер бөлүп бердик. Мындан ары пахта эгилүүчү аянттарды чоӊойтуп, бул тармакка өзгөчө көӊүл бурабыз”, - деп билдирди Ош облус башчысы.

Былтыркы жылы Ош облусу боюнча 8158 гектар жерге пахта эгилсе, быйылкы жылы 10995 гектар жерге пахта эгүү пландалып жатат.

Андан сырткары, Тепе-Коргон айыл аймагында дыйкандар тарабынан жетиштирилген, эрте бышар капустанын жыйналышы менен жеринде таанышты.

Пикир

Оставить комментарий