• 88.68
  • 95
  • 0.95

Зыян 2,7 млн сом. Бажычылар анык эмес декларациялоо фактысын аныктады

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.10.22. /Кабар/. Бажы кызматкерлери анык эмес декларациялоо фактысын аныктады.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын субъектисинин дарегине “Тан” ЖЧКсынан (баштапкы тамгалары өзгөртүлдү) 5 контейнерде түтүктөр жана басымдуулук системаларда колдонулган түтүкчөлөр, биметалл жана алюминий радиаторлору алып келинген.

Келген товарларды таразага тартууда бажы органында декларацияланган салмакка туура келбеген салмактык көрсөткүчтөр табылган. Товардын салмагы - түтүктөр жана басымдуулук системаларда колдонулган түтүкчөлөрдүн салмагы 71 840 кг деп билдирилсе, ал эми таразага тартылганда 53 240 кг түзгөн, биметаллдык жана алюминий радиаторлорунун салмагы 64 245 кг түзгөн, бирок 43 878 кг катары билдирилген.

Бажы органына берилген документтерди текшерүүдө бир биметаллдык жана алюминий радиаторунун баасы 0,5 АКШ долларын, ал эми түтүктөрдүн жана түтүкчөлөрдүн баасы 1 кг салмакка 0,333 АКШ долларын түзөрү жазылган.

КР Улуттук банкынын курсу боюнча товарлардын баасы сом менен эсептегенде төмөнкүдөй:

- басымдуу системаларда колдонулган түтүкчөлөрдүн жана түтүктөрдүн баасы 1 кг үчүн 9 сом;

- биметалл жана алюминий радиаторлордун баасы 1 даанасы 40,65 сом;

Мындан тышкары, бажылык текшерүүнүн жүрүшүндө бажы органына декларацияланбаган товарлар табылган. Бул ишкананын товарларынын салмактык көрсөткүчтөрүн жана өздүк наркын төмөндөтүүгө байланышкан аракеттер бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качууга түздөн-түз багытталган.

Ишкананын жетекчилиги мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтурууга даяр экенин билдирип, эсептөөнүн жыйынтыгында 2 млн 719 миң 200 сом деп белгиленген.

Бул факты КБР МЭЖ АДСда каттоого алынып, КР мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алуу үчүн Башкы прокуратурга өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий