• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

14-августка карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 13.08.19. /Кабар/. Эртең, 14-августта күндүз Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жашы мүмкүн.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 15…20, күндүз 28…33, Талас облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 24…29 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 23…28, Нарын облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 24…29 градус.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 16…21, күндүз 29…34 градуска жетет.

Борбор калаабыз Бишкек шаарында жаан жаабайт. Түнкүсүн 17…19 градус, күндүз 30…32 градуска чейин ысык болот.

Пикир

Оставить комментарий