• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

17 жыл мурун! Роналдунун карьерасындагы алгачкы голунун видеосу жарыяланды

Спорт 0


Бишкек, 11.10.19. /Кабар/. Португалиялык "Спортинг" клубу өзүнүн твиттер социалдык баракчасына Криштиану Роналдунун карьерасындагы алгачкы голунун видеосун жарыялады.

Роналду "Спортинг" клубу "Морейренсе" командасы менен беттешкенде гол киргизген. Мындан 17 жыл мурун 2002-жылы 7-октябрда Роналду каршылашынын коргоочуларын алдап тепкен тобу голго айланган.

Тасмада көрүнгөндөй португалиялык оюнчу 3-4 оюнчуну алдап туруп гол киргизген. Голду футболкасын чечүү менен майрамдаган.

Роналду аталган клубда 30 оюн өткөрүп, 5 гол киргизген. Андан кийин англиялык "Манчестер Юнайтед" командасына өткөн.

Учурда туриндик "Ювентус" клубунун оюнчусу.

Эскерте кетсек, Криштиану Роналду Португалиянын курамында эртең Люксембургдун командасы менен беттешет.

Пикир

Оставить комментарий