• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

20-август күнү Бишкектин бир районунда таза суу өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 18.08.20. /Кабар/. 20-августта Бишкектин бир районунда таза суу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Мэриядан билдиришкендей, буйрутма аткаруучу компаниянын курулуш-монтаждык иштерине байланыштуу Сүйөркулов — Тыныстанов — Ахунбаев — "Ала-Арча" суусу — Медеров — Радищев — Л.Толстой — Ж.Пудовкин — Элебесов — Медеров — Ж.Пудовкин — Ахунбаев — Элебаев — Байтик-Баатыр көчөлөрү кесилишкен бөлүктө 20-август күнү саат 09:00дөн 21:00гө чейин таза суу жок болот.

"Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз. Шаар тургундарын, мекеме-уюмдарды таза сууну камдап алышын эскертебиз", - деп билдирет мэрия.

Пикир

Оставить комментарий