• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

29-январга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 28.01.19. /Кабар/. Эртең, 29-январда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Кыргызгидромет борбору билдиргендей, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Чүй облусунда абанын температурасы түнкүсүн -2…-7, күндүз 7…12, Таласта түнкүсүн -2…-7, күндүз 6…11 градус болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 6…11, Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5, Нарын облусунда түнкүсүн -23…-28, күндүз -7…-12 градус болот.

Эртең борбор калаабыз Бишкек шаарында күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5°, күндүзү 10…12 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий