• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Абу-Дабиде Нурмагомедов менен Порьенин көз караштар тиреши болду – видео

Спорт 0


Бишкек, 05.09.19. /Кабар/. Абу-Даби шаарында UFC уюмунун мушкерлери Хабиб Нурмагомедов жана Дастин Порьенин расмий көз караштар тиреши болду. Бул тууралуу Р-спорт басылмасы жазып чыкты.

Эки мушкердин бетме-бет жолугушуусу медиа күндүн алкагында өттү. Видеодо Нурмагомедов менен Порье бири-бирине сый мамиле кылганы көрүнүп турат. Алгач кол алышып, андан соң бири-бирин кучактаганын байкоого болот.

Нурмагомедов менен Порье эртең, 6-сентябрда салмак ченин өлчөө иш-чарасында да жолугушат.

Буга чейин Хабиб Нурмагомедов аталган уюмдун убактылуу чемпиону Дастин Порье менен боло турчу беттеш үчүн 6 миллион доллар алаары айтылган.

Эскерте кетсек, Нурмагомедов менен Порьенин беттеши 8-сентябрда Абу-Даби шаарында UFC 242 турниринин алкагында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий