• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгы. 20 жаштагы айдоочу мас абалында болгон

Кырсык 0

Бишкек, 29.06.23. /Кабар/. Чүй облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан Мраморное айылындагы жол кырсыгынын чоо-жайын айтып беришти.

"Кабар" агенттигине ведомстводон билдиришкендей, “Тойота Калдина” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 20 жаштагы А.У.А мас абалында болгон. Айдоочу рулга ээ боло албай калып, жолдун жегиндеги бетонду сүзгөн.

Жол кырсыгынын кесепетинен төмөнкү жүргүнчүлөр каза болгон:

1. 2009-жылы туулган Б.А.З.

2. 2007-жылы туулган Н.уулу Н.

3. 2006-жылы туулган С.З.Б.

Ошондой эле 2006-жылы туулган И.Ш.Ж жана И.А. Сокулук районунун аймактык ооруканасына жеткирилген. Ал эми унаанын айдоочусу эч кандай жаракат алган эмес.

Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий