• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

"Чек талап кылып, байге утуп ал". Төртүнчү күнү – 234 баалуу байге ойнотулат

Коом 0

Бишкек, 29.06.22. /Кабар/. Бүгүн, 29-июнь – "Чек талап кылып, байге утуп ал!" кызыктыруучу лотереясынын байгелерин ойнотуунун 4-күнүндө 234 баалуу байге ойнотулат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, түз эфирдин жүрүшүндө 100 iPhone14, 100 смартфон, 30 ноутбук жана Дайсон маркасындагы 4 фен ойнотулат.

Утуштар Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларынан түз эфирде көрсөтүлөт.

Эскерте кетсек, 26-июндан тартып утуштар Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларында жүрүүдө, күн сайын 234 байгеден ойнотулууда.

Негизги иш-чара 1-июлда "Ала-Тоо" аянтында өткөрүлүп, 10 электромобиль жана чет өлкөгө 3 жолдомо ойнотулат. Утуштар эстрада жылдыздары катышкан кызыктуу шоу-концерт менен коштолот. Мындан тышкары, келген көрүүчүлөр үчүн гана 15 смартфон ойнотулат.

Утуштарды бул жерден көрсөңүз болот:

Facebook https://www.facebook.com/events/179548851544185/?ref=newsfeed

YouTube https://www.youtube.com/watch?v=cbT31wuXa_Y

Пикир

Оставить комментарий