• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Аймактык мамлекеттик басма сөз каражаттарынын кезектеги көчмө жыйыны өттү

Аймак 0

Бишкек, 17-июль /Кабар/. Ысык- Көл облусунун Чолпон Ата шаарында облустук аймактык гезит редакцияларынын жетекчилери катышкан көчмө жыйын болуп өттү. Бул көчмө жыйынды Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинин директору Б. Норузбаева ачып, бүгүнкү күндө аймактык басма сөз каражаттарынын коомдогу ролу жана орду тууралуу билдирүү жасады. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Директор Б. Норузбаева бүгүнкү күндө алыскы чек ара аймактарында, бийик тоолуу жерлерде жашап жаткан калк үчүн мамлекеттик маалымат саясатынын жүргүзүүдө аймактык мамлекеттик басма сөз каражаттарынын жасап жаткан иши жана алдыга коюула турган иш пландары менен таанышып жатып: “Быйылкы жыл – эгемендүү республика үчүн абдан маанилүү жыл. Себеби 2017- жылдын 15- октябры Кыргыз Республикасынын Президенттин шайлоо күнү. Бул күн биздин өлкө үчүн абдан маанилүү. Бул күнү дүйнөлүк массалык маалымат каражаттары Кыргызстанда болуп жаткан президенттик шайлоонун жүрүшүн жана анын кырдаалын чагылдырат. Андыктан, биздин, ата мекендик, мамлекеттик, облустук, райондук жана жеке менчик массалык маалымат каражаттары бул шайлоо өнөктүгүн жогорку деңгээлде жана ачык айкын чагылдырат деп ишенем”,- деп билдирди.

Мындай иш аракеттерди алга жылдырууда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына каттоодон өтүү жолдору тууралуу талкуу жүргүзүлүп, 2017-жылдагы Кыргыз Республикасынын Президентинин шайлоо процессинин чагылдырууга кирген укуктук өзгөртүүлөр маалымдалды. Маалымат катары билдире кетсек, 2017- жылдын 8 –июлундагы Борбордук шайлоо комиссиясынын Маалымат бөлүмүнүн жыйынтыгы боюнча 258 басма сөз каражаты Президенттик шайлоого катышуу үчүн акредитациядан өтсө, анын ичинен 114ү басма сөз каражаттары түзгөн.

Мындан сырткары бул көчмө жыйында облустук редакциялардын жарым жылдык отчету угулуп, кийинки жарым жылдыктын планы талкууланып, ошондой эле, 2017- жылдын 30- июлунда баштала турган аймактык ММКнын кызматкерлери үчүн аттестациялоо тууралуу кеңири маалымат берилди.

Пикир

Оставить комментарий