• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ак-Ордо конушунда автобус менен жеңил унаа сүзүшүп, бир адам жабыркады

Кырсык 0


Бишкек, 07.02.24. /Кабар/. Ак-Ордо конушунда № 10 автобус жеңил унаа менен сүзүшкөн. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык болжол менен саат 23:30дар чамасында И.Ахунбаев менен Каркыра көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда батыштан чыгышты көздөй базага кайтып жаткан автобусту Каркыра көчөсүнөн чыга калган "Хонда Фит" унаасы сүзүп алган.

Бактыга жараша автобуста жүргүнчүлөр болгон эмес.

Ал эми жеңил унаанын айдоочусу жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий