• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Аксыда таза суу түтүкчөлөрүн тартууда мамлекетке 7,3 млн сом зыян келтирилген

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.03.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Аксы райондук прокуратурасы тарабынан мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген факты аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Аксы районуна караштуу Кербен шаарынын Мамай, Устукан айылдарына таза сууга түтүкчөлөрдү тартууда Жалал-Абад облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, пайда көрүү же башка жеке кызыкчылыктарды көздөп, мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 7 млн 357 миң 872 сомдук зыян келтиришкен.

Аталган факты боюнча Аксы райондук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалуу”) менен кылмыш иши козголуп, келтирилген зыянды өндүрүү жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий