• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Акыйкатчы маморгандарды психиатриялык оорулар менен жабыркагандардын укуктарын камсыздоого чакырат

Коом 0

Бишкек, 05.03.24. /Кабар/. Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды психиатриялык оорулар менен жабыркаган адамдардын укуктарын камсыздоого чакырат. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Кадамжай районундагы психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинен 19 адамдын өздүгүн тактаган документтери жок экенин аныктаган.

Акыйкатчы психиатриялык оорудан жапа чеккен адамдар алсыз болуп, катаал мамилеге же кыйноого дуушар болушу мүмкүн экенине тиешелүү мамлекеттик органдардын көңүлүн бурат. Ошондуктан, алардын укуктарын коргоону күчөтүү керек.

Акыйкатчынын Баткен облусунун өкүлчүлүгү мандатына ылайык Кадамжай районундагы психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде мониторинг жүргүздү.

Мониторингди аларга карата болгон катаал, адамгерчиликсиз мамиленин, кыйноонун же дарылоонун алдын алуу ошондой эле юридикалык жардам берүү максатында жүргүзүлдү.

Мониторингдин жыйынтыгында 19 адамдын паспорту жок экени белгилүү болду. Алардын 15и эркек, 4ү аял киши.

Өздүгү такталбаган жарандардын аталган мекемеде жүргөнүнө көп жыл болсо да, алардын кайдан, качан келгени, жашы канчада экени жана аттары белгисиз.
Мисалга, бул мекемеде 2011-жылдан бери эркек киши жашайт. Анан өздүк ишинде Белгисиз Жоро деп жазылган.

Бул атты мекеменин кызматкерлери берген. Ал тууралуу мындан башка чыныгы аты-жөнү, туулган жери, жашы тууралуу да маалымат жок.

Ошондой эле, анын жакындарынын бар-жогу белгисиз. 2011-жылдан бери анын өздүгү аныктала элек.

Бул стационардык мекемеде 1983-жылдан бери жашаган эркек адамдын да, өздүгү ушул кезге чейин аныкталбай келет. Өздүгү такталбаган бейтаптардын аты-жөнү өздөрүнүн айтканы боюнча жазылган.

Акыйкатчы инстиутуту өз мандатына ылайык бейтаптардын укугун камсыздоо максатында тийиштүү мамлекеттик органдарга расмий каттар жөнөттү.

Расмий маалымат боюнча, 19 бейтаптын, 11 нин адам туулгандыгы тууралуу актылары да жок болуп чыккан. Ага байланыштуу алар туулгандыгы тууралуу күбөлүк ала алышкан эмес.

Материал даярдалып жаткан учурда, 19 адамдын бирөөнө паспорт берилген. Калган 7 бейтап боюнча өздүгүн тактоо иштери жүрүп жатат.

Расмий маалымат боюнча, жалпы психоневрологиялык социалдык стоционардык мекемелердин 142 жашоочусунун паспорту жок.

Өз кезегинде, мындай жашоочулардын өздүгүн тактаган документтеринин жоктугуна байланыштуу өздөрүнүн социалдык-экономикалык жана башка укуктарын пайдалана алышпайт.

Андан сырткары, паспортторунун жоктугунан айрым бейтаптарды ден соолугуна байланыштуу аларды башка психоневрологиялык мекмелерге которууда кыйынчылыктар жаралат.

Белгилей кетсек, психоневрологиялык социалдык стоционардык мекемелерде жашагандар оор тагдырга кабылган кары-картаңдар, мүмкүнчүлүгү чектелгендер.

Алар ар дайым башкалардын камкордугана жана жардамына муктаж болгондуктан, документтерди калыбына келитрүү көйгөйүн өз алдынча чече алышпайт.

Акыйкатчы мамлекеттик органдарды Адам укукгунун жалпы декларациясына жана улуттук мыйзам ченемдерине ылайык алардын укуктарын камсыздоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий