• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ала-Бука районунун тургундары облус башчысы менен жолугушууда бир катар көйгөйлөрдү айтышты

Аймак 0

Бмшкек, 21.04.22./Кабар/. Кечээ, 20-апрелде КР президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Ала-Бука районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жыйынга катышкан жашоочулар жеткиликтүү медициналык кызмат көрсөтүүдөгү кемчиликтерди көтөрүштү.

Жыйынга 300дөн ашуун адам катышып, жалпы 130дай маселе айтылды.

Мындагылар райондо томография аппаратынын жана гемодиализ борборунун жоктугунан тургундар башка аймактарга барып убара тартып, муктаждарга кошумча чыгым жаралып жатканын белгилешти.

Көйгөйдү уккан ыйгарым укуктуу өкүл жашоочулардын ден соолугун сактоо башкы орунда экенин, алдыда томография аппаратын алууга тийиштүү иш аракеттер көрүлөөрүн айтты. Ал эми жергиликтүү бийлик бул жылы райондо гемодиализ борборун куруу пландалганын, ал үчүн жеке ишкер келгенин жана жер ажыратылып берилгенин билдирди. Учурда район боюнча 40ка жакын адам гемодиализ алууга муктаж болуп келет.

Жолугушууда Ала-Бука районунун 2020-жылы чек ара статусун алган айылдарда жашаган жарандар үчүн мамлекеттик кепилдендирилген жеңилдиктердин жоктугу айтылды. Өкүл маселени чечүүдө КР министрлер кабинетине кат жолдонорун билдирди.

Абсаттар Сыргабаев тургундар тарабынан көрөтүлгөн таза суу, сугат суу, жол оңдоо, жайыт пайдалануудагы көйгөйлөр жана жеке кайрылган бардык маселелердин үстүндө тийиштүү жумуштар жасалаарын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий