• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Аламүдүн районунун жашоочуларына ысырапкорчулукка жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 04.03.22. /Кабар/. Аламүдүн районунун Лебединовка айыл аймагында жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чара Аламүдүн РИИБнин жана райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилигинин демилгеси менен уюштурулду.

Иш-чарага Аламүдүн районунун акими Бактибек Анаркулов, РИИБдин башчысы Нурланбек Эркинбаев, социалдык өнүктүрүү кызматынын жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, имамдар ошондой эле жергиликтүү жашоочулар катышты.

Жолугушууда КР президентинин «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгы РИИБнин жетекчилиги тарабынан кенен жеткирилди.

Анда акыркы учурда тойлорду өткөрүү, маркумду акыркы сапарга узатып куран окутуу сыяктуу иш-чаралар ашыкча чыгымдар менен өтөрүлүп келгени айтылды. Ошондой эле ар бир үй-бүлөнүн жашоо шарты бирдей болбогондуктан колунда жок үй-бүлөлөр үчүн жогорудагыдай иш-чараларды өткөрүү өзгөчө чыгымга алып келип, көптөгөн үй-бүлөлөр карызга баткан учурларын белгилеп өтүштү.

Бул маселелер эл ичиндеги эң чоң көйгөйлөрдүн бири болгондуктан президенттин жарлыгы көпчүлүк жашоочулар тарабынан колдоого алынып, аны тартипке келтирүү үчүн мындай түшүндүрүү иштери ар дайым жүргүзүлүп туруу зарылдыгы белгиленди.

Андан сырткары, Лебединовка айыл аймагындагы көйгөйлүү маселелер жергиликтүү жашоочулар тарабынан көтөрүлүп, алар тиешелүү мамлекеттик кызматтардын жетекчилери тарабынан көзөмөлгө алынары айтылып, ар бир маселе жеринде чечилери убада кылынды.

Пикир

Оставить комментарий