• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Алыскы жолго аттанбай, эс алууну жылдыра туруңуз! ӨКМ жарандарга кайрылды

Коом 0

Бишкек, 11.08.23. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу жарандарга кайрылды.

Синоптиктердин маалыматына таянсак, өлкө аймагында аба ырайы кескин өзгөрүп, суук болушу күтүлөт.

"12-13-14-августтарда жайлоодо эс алууну, бийик чокуларга чыгууну, альпинизмге кызыгуучулар эс алууну башка күндөргө жылдырууну сунуштайбыз. Алыска жолго чыгууну пландасаңыз зарылчылыгы болбосо, убактылуу токтотуп туруңуз", - деп айтылат маалыматта.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатаарын эсиңизден чыгарбаңыз.

Кыргызгидромет борбору тараткан билдирүүгө караганда, 12-августта күндүз жана 13-14-августтарында Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Өлкөнүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондордо жаан карга айланышы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы кескин төмөндөп, 13-15-августтарында Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14°, күндүз 20…25°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 5…10°, күндүз 18…23°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 12…17°, күндүз 23…28°, тоолуу райондордо түнкүсүн 1…6°, күндүз 10…15°, бийик тоолордо түнкүсүн 0…-5°, күндүз 4…9°ка чейин, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 5…10°, күндүз 18…23°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 4…9°, күндүз 18…23°ка чейин болушу мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Пикир

Оставить комментарий