• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Америка футболу: Бишкектик “Барстар” Казакстандык “Карышкырларды” утту

Спорт 0

Бишкек, 23.10.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Бишкекте 21-октябрда америка футболу боюнча Кыргызстандын “Барстар” (Бишкек) жана Казакстандык “Карышкырлар” (Астана) командалары арасында беттеш болду.

Оюн “Дордой” спорт комплексинде өткөрүлдү.

Эки кураманын ортосундагы оюн 34:14 эсеби боюнча “Барстардын” жеңиши менен аяктады.

Эске сала кетсек, 14-октябрда биринчи оюн өткөн. Андан Бишкектин “Барстар” командасы Алматылык “Титандарды” менен ойноп, 41:11 эсебинде “Барстардын” жеңиши менен аяктаган.

“Барстар” Борбор Азиядагы америка футболу боюнча биринчи командалардан. Ал 2011-жылы түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий