• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Асанбай кичи районунда эки унаа кагышып, бирөө оодарылып калган

Кырсык 0

Бишкек, 14.02.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын Асанбай кичи районунда бүгүн саат 12:30дар чамасында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, “Тойота Приус” жана “Тойота Камри” үлгүсүндөгү эки автоунаа кагышып, бирөө оодарылып калган. “Тойота Приус” унаасын башкарып келе жаткан 1979-жылы туулган Б.А., аттуу айдоочу Түштүк магистралдан Куттубаев көчөсүнө кайрылып жатып, “Тойота Камри” унаасын сүзүп алган.

Жол кырсыктын жыйынтыгында “Тойота Камри” унаасынын 2003-жылы туулган айдоочусу жараат алып, Улуттук госпиталга жаткырылган.

Эки унаа тең атайын айып унаа токтотуучу жайга жеткирилген. Аталган факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Тергөө уланууда.

Пикир

Оставить комментарий