• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров эки айга камакка алынды

Укук тартиби 0


Бишкек, 01.06.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду эки айга камакка алды.

УКМКнын ведомстволор аралык тергөө тобу тарабынан маалымдалгандай, «Кумтөр» кенин иштетүү боюнча долбоорду жүзөгө ашырууда коррупциялык фактылар туралуу козголгон кылмыш иши боюнча тергөө улантылууда.

Тергөө учурунда алынган далилдердин негизинде, 2021-жылдын 31-майында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү (Коррупция) боюнча кылмышка шектүү делген депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровго атайын билдирме жөнөтүлгөн.

Ушул эле күнү Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Жээнбеков менен Зулпукаровдун баш коргоо чарасы каралып, эки айга камакка алынды.

КР УКМК бул кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшү жана натыйжалары жөнүндө коомчулукка маалымдап турат.

Белгилей кетсек, буга чейин «Кумтөр» кенин иштетүү боюнча долбоорду жүзөгө ашырууда коррупциялык фактыларга шектелип Кыргызстандын экс-премьер-министри Өмүрбек Бабанов, экс-депутаттар Исхак Пирматов жана Талант Узакбаевдер кармалган.

Эскерте кетсек, 2021-жылы 17-майда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында депутаттар “Кумтөр” алтын кенин иштетүүчү компаниянын ишмердүүлүгүн изилдөө боюнча мамлекеттик комиссиянын отчетун карап, министрлер кабинетине кенди пайдалануу чөйрөсундө «Centerra Gold Inc.» компаниясынын жоопкерчиликсиз аракетине байланыштуу «Кумтор Голд Компани» компаниясына тыштан башкаруу киргизүүнү, андан тышкары убактылуу тыштан башкаруучу дайындоону сунуштаган.

Ошондой эле, "Кумтөр голд компани" компаниясы жумушчулардын иш графигин, карьердин капталдарын көзөмөлдөө жана сканерлөө тутумун өчүрүп салганы маалым болгон.

Жыйындын жүрүшүндө УКМК башчысы Камчыбек Ташиев “Кумтөргө” байланыштуу 4 кылмыш иши козголгонун билдирген.

Кийин министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов министрлер кабинетинин “Убактылуу тыштан башкаруу дайындоонун тартибин бекитүү тууралуу” токтомуна кол коюп, "Кумтөр Голд Компани" компаниясынын убактылуу тыштан башкаруучусу болуп Тенгиз Бөлтүрүк дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий