• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Азия Кубогу. Бүгүн Кыргызстан менен Филиппиндин курамалары беттешет

Спорт 0

Бишкек, 16.01.19. /Кабар/. Бүгүн, 16-январда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы Азия Кубогунун алкагында Филиппинге каршы оюн өткөрөт.

Аталган матч Дубайдын Rashid stadium стадионунда Бишкек убактысы боюнча саат 19:30да өтөт. Футбол сүйүүчүлөр оюнду “КТРК Спорт” каналынан көрө алышат.

“Ак шумкар” командасы филиппиндиктерди жеңсе, үчүнчү орундан плей-оффко чыга турган төрт команданын катарынан орун алат.

Азыркы учурда Кубоктун кийинки этабына өткөн 12 команданын аттары белгилүү, алар: Иордания, Австралия, БАЭ, Таиланд, Кытай, Түштүк Корея, Иран, Ирак, Катар, Сауд Аравия, Өзбекстан жана Япония.

Үчүнчү орунду ээлеген командалардын рейтингинде алдыда Бахрейн (4 упай), Палестина (2); ал эми упай ала электер Оман, Кыргызстан, Вьетнам жана Ливан.

Пикир

Оставить комментарий