• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Багбанчылык экономикалык жактан алганда өзүнүн тез өндүрүмдүүлүгүнүн акталышы менен айырмаланат

Коом 0

Бишкек, 27.12.19. /Кабар/. Багбанчылык экономикалык жактан алганда өзүнүн тез өндүрүмдүүлүгүнүн акталышы менен айырмаланат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин өкүлдөрү билдиришти.

Маалыматка ылайык, багбанчылык өзүнүн жогорку рентабелдүүлүгү жана кайра иштетүүгө жана экспорт боюнча потенциалы менен тастыктайт.

Мөмө берген бакча 1 га жерден бир жылдык өсүмдүктөрдү өндүрүүгө салыштырмалуу он эседен да жогору пайда берет. Интенсивдүү багбанчылык үрөнчүлүк менен биргеликте айыл чарбасындагы бирден бир пайда алып келүүчү тармак болуп саналат.

Бүгүнкү күндө интенсивдүү багбанчылык алма бактарга, өрүк жана гилас бакчаларга тез тароодо. Бул технология ресурс сактоочу тамчылатып сугаруу инновациялык система менен биргеленет.

Пикир

Оставить комментарий