• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бакыт Төрөбаев курулуш секторунун өкүлдөрү менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 09.04.22./Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин орун басары Бакыт Төрөбаев курулуш секторунун өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет

Министрлер кабинетинин орун басары белгилегендей, курулуш секторунун өнүгүшү мультипликативдик натыйжага ээ, аны менен катар экономиканын башка тармактары да өнүгөт. Ал курулуш компанияларын аймактарда көп кабаттуу турак-жайларды куруу менен аймактардагы инфраструктураны өнүктүрүүгө чакырды.

Жыйындын жүрүшүндө курулуш тармагындагы актуалдуу маселелер, анын ичинде тармакты жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар, курулуш иштеринин сапаты, өлкөнү курулуш материалдары менен камсыздоо маселелери, «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКнын курулуш компаниялары менен кызматташуу маселеси, өлкөнүн аймактарында курулуш секторуна дем берүү чаралары талкууланды.

«Биз адистештирилген ассоциацияларга ченемдик укуктук базаны өркүндөтүүгө жана мамлекеттик органдардын андан ары кароосу үчүн башка актуалдуу маселелерди чечүүгө көмөктөшүүчү токтом долбоорлорун даярдоосуна мүмкүнчүлүк түзгүбүз келет. Ошондой эле курулуш тармагы да ассоциация түзүп, бул багытта Министрлер Кабинети менен кызматташа алат», - деди Бакыт Төрөбаев.

Кеңешменин жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий