• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Балыкчы Чолпон-Ата жолунда унаа оодарылып, айдоочу оор жаракат алды

Кырсык 0

Бишкек, 13.12.17. /Кабар/. Балыкчы Чолпон-Ата унаа жолунун 72-чакырымында унаа оодарылып, айдоочу жабыркаган. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 13-декабрда болжол менен саат 04:12 чамасында катталган.

“Бает айылында “Mercedes” үлгүсүндөгү унаа оодарылып кеткен. Кырсык болгон жерге ӨКМнин №31 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барып, оор жаракат алган айдоочуну куткарышкан. Жабыркаган адам дарыгерлердин көзөмөлүндө”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий