• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Балыкчы шаарында "Этно-бала бакча" ачылды

Аймак 0

Бишкек, 05.02.24. /Кабар/. Балыкчы шаарында уникалдуу мектепке чейинки билим берүү мекемеси – "Этно-бала бакчанын" салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Иш-чарага президенттин өкүлү Эмилбек Абдыкадыров, Балыкчы шаарынын активи жана меймандар катышты.

Бул инновациялык долбоор, өсүп келе жаткан муунга кыргыз элинин каада-салтынын, нарк-насилинин жана маданий мурасынын адатында тарбияланууга уникалдуу мүмкүнчүлүк берет.

Облус жетекчи Абдыкадыров өз сөзундө улуттук баалуулуктар боюнча түшүнүктү жаш кезинен билип таалим тарбия алуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

"Этно-бала бакчада" тарбиячылар балдарды маданиятыбыз менен сыймыктанууга, мекенчилдикке тарбиялоого жана чыгармачыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө багытталган кызыктуу иш-чараларды өткөрүп татыктуу инсандарды тарбиялоого салым кошот деп ишенем", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий