• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Баткенде “Коопсуз өлкө – туруктуу келечек” аталышындагы форум өттү

Аймак 0

Бишкек, 11.03.24. /Кабар/. Баткенде “Коопсуз өлкө – туруктуу келечек” аталышындагы форум өттү, деп билдирет президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.

Иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, район-шаар башчылары, бардык мамлекеттик жана укук коргоо органдарынын жетекчилери катышты.

Форум министрлер кабинетинин "2022-2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу" боюнча кабыл алынган иш-аракеттердин Улуттук планын жүзөгө ашыруу максатын көздөйт.

Ага ылайык иш-чара коопсуздукту камсыздоодо биргелешип аракеттенүүгө багытталган.

Алгач катышуучуларга ички иштер тармагында аткарылып жаткан иш аракеттер тууралуу видео тасма көрсөтүлдү. Андан соң коомчулуктагы социалдык көйгөйлөрдүн кесепети тууралуу сахналаштырылган көрүнүштөр тартууланды.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев сөз сүйлөп, форум аймакта коопсуздукту камсыздоо багытындагы иш-аракеттерди, сунуш-пикирлерди, мүмкүнчүлүктөрдү ортого салып, биргеликте алга карай аракеттенүү үчүн эң жакшы аянтча болгондугун билдирген.

Белгилей кетсек, Баткен облусунда Концепцияны жүзөгө ашыруунун алкагында облустук деңгээлде 13 бөлүктөн турган иш-аракеттердин Улуттук планы иштелип чыккан. Ошондой эле 2024-жылдын 2-февралында облус башчысынын буйругу кабыл алынып, облустук мекеме ишканаларга жана райондук мамлекеттик администрацияларга, шаардык мэрияларга тапшырмалар берилип аткарууга алынган.

Форумдун жыйынтыгы менен резолюция кабыл алынды.

Ошондой эле милиция менен тыгыз иш алып барган бир катар жетекчилер жана кызматкерлерге ИИМдин сыйлыктары ыйгарылды.

Пикир

Оставить комментарий