• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

Базар-Коргондо өнүгүүгө шарт түзгөн эл аралык долбоорлорду ишке ашыруу уланат

Аймак 0

Бишкек, 10.02.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон району БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен биргеликте пландуу долбоорлорду ишке ашырууну улантат.

Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, бүгүн бул багытта жыйын өткөрүлүп, ага район акиминин орун басары Асел Сансызбаева, уюмдун өкүлдөрү, айыл аймак жана токой чарбаларынын жетекчилери катышты.

Жыйында Базар-Коргон району менен БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын 2022-жылга карата аткарылуучу жумуштары талкууланды. Өткөн жылы программанын алкагында район аймагында жалпы 27 долбоор ишке ашырылган. Натыйжада жарандарга талаачылык, бал өндүрүү технологиясы боюнча окутуулар өткөрүлгөн. Мындан сырткары, жарандарды жумуш орундары менен камсыздоо, калкка таза суу жеткирүү, дарыя жээктерин бекемдөө сыяктуу социалдык жумуштарды аткарууга көмөк көрсөтүлгөн.

Район акиминин орун басары Асел Сансызбаева, жергиликтүү бийлик тургундардын жашоо шартын жакшыртып, өнүгүүгө шарт түзгөн долбоорлор менен ар дайым кызматташууга даяр экенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий