• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкектин Эне-Сай конушунда жол оңдоо жана көпүрө куруу иштери аяктоодо

Коом 0

Бишкек, 24.08.22. /Кабар/. Бишкектин Эне-Сай конушунда жол оңдоо жана көпүрө куруу иштери аяктоодо. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда Гидростроительная көчөсүн бойлой Эне-Сай конушунда Курманжан Датка көчөсүнөн Аул көчөсүнө чейин Аламүдүн дарыясына көпүрө куруу жана Кытай грантынын эсебинен «Бишкек жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун алкагында жолду реконструкциялоо иштери аяктап жатат.

"Көпүрөнүн узундугу 31 метр, туурасы 14,4 метрди түзөт. Жолдун жалпы аралыгы 1,1 чакырым, туурасы 8 метрди түзөт. Эки тарабы туурасы 2,25 метр тротуар менен жабдылган", - деп белгилешти муниципалитеттен.

Айта кетсек, бул жолдун артыкчылыгы Дордой базарын көздөй бараткан унаа агымын төмөндөтөт. Бул жол Дордой менен Эне-Сай конуштарын бириктирет.

Пикир

Оставить комментарий