• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо: Химиялык цехти куруу долбоордун бир бөлүгү болчу – Воропаев

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.07.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда жылуулук электр борборун модернизациялоо тууралуу ишти кароо боюнча кезектеги отурум уланууда. Сотто судья Инара Гилязетдинова төрагалык кылууда.

Күбөлөрдөн сурак алуу уланууда. Учурда ЖЭБдин директору Андрей Воропаев сурак берүүдө.

Анын айтымында, ал долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин көргөн эмес жана анын бар же жогун билбейт.

“Техникалык-экономикалык негиздеме ар кандай түрдө, бир баракта болсо да болот. Башкысы, ал баардык пункттарга туура келиши зарыл. Мисалы, жарандын паспортунда бир гана аты менен фамилиясы болсо, ал паспорт жарабайт. Бул жерде да ошондой”, - дейт Воропаев.

Ал билдиргендей, башында химцехти куруу боюнча сунуш болгон эмес. Билдирмелер келип турган. Маселе 2017-жылы гана чечилген.

Воропаевдин айтымы боюнча, химиялык цехти куруу модернизация боюнча долбоордун бир бөлүгү болгон.

Эске сала кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 млрд. 439 млн. сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурунку премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энерго холдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энерго холдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкулов жана мурунку финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Пикир

Оставить комментарий