• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте $14 миң турган унааны сатып алып, акчасын бербей жүргөн жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.09.22. /Кабар/. Бишкекте жарандын «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаасын сатып алып, бирок акчасын бербей жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 9-августта А.А. аттуу жаран милицияга кайрылып, “Ф.” Аттуу чала таанышы июнда «Мерседес-Бенц» үлгүсундөгү унаасын сатып алам деп алып, бирок акчасын бербей жүргөнүн билдирген.

Аталган факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси менен (“Алдамчылык”) каттоого алынган.

Издөө иш-чарасынын жүрүшундө 1992-жылы туулган Н.Ф. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий