• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте Бакен Кыдыкееванын трагедиялуу тагдырына арналган спектакль көрсөтүлдү

Маданият 0

Бишкек, 21.10.23. /Кабар/. Күн мурун Б. Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрында Кыргыз эл жазуучусу, драматург Жаныш Кулмамбетовдун “Талант жана тагдыр" спектакли тартууланды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, спектакль СССРдин эл артисти, театр жана кино актриса Б. Кыдыкееванын туулган күнүнө жана КР Эл артисти Назира Мамбетованын 75 жылдыгына карата жарыяланган жумалыкка туш келди.

Спектаклди көрүүгө жана Назира Мамбетованы 75 жылдык мааракеси менен куттуктап маданият министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев баштаган бир катар маданият ишмерлери келди.

Атактуу актриса Бакен Кыдыкееванын өмүрү, чыгармачылыгы жана традегиялуу тагдырын ачып берген спектакль Бакен Кыдыкееванын ысымын алып жүргөн Жаш көрүүчүлөр театрынын репертуарына кирип, ийгиликтүү коюлуп келет. Спекталде Бакен Кыдыкееванын жашап калган кезиндеги ролун КР эл артисти Назира Мамбетова ойнойт.

Аталган спектаклди өз учурунда КР Эл артисти, режиссер Алмазбек Сарлыкбеков сахналаштырган.

Пикир

Оставить комментарий