• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Бишкекте бир жумада 100 мас айдоочу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.02.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын аймагында 18нен 24-февралга чейинки аралыкта кайгуул кызматкерлери тарабынан 5 миң 777 жол кырсыгы катталган.

Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашкандай, анын ичинен:

- мас абалында автоунаа башкаруу - 100;

- автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо - 19;

- айдоочулук күбөлүгү жок автоунаа башкаруу - 56;

- техникалык каражаттарды каттоо эрежесин бузуу - 123;

- автоунааны техникалык бузуулары менен башкаруу - 5;

- жөө жүргүнчүлөр жана велосипедчендер катышкан жол эрежелерин бузуулар - 143;

- коопсуздук куру жок - 1 447;

- башка жол эрежелерин бузуулар - 3 887. Ал эми ар кандай жол эрежесин бузган 588 автоунаа айып короосуна киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий