• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте бир жумада 93 мас айдоочу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.02.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын аймагында 11нен 17-февралга чейинки аралыкта кайгуул кызматкерлери тарабынан 5 миң 787 жол кырсыгы катталган.

Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашкандай, анын ичинен:

- мас абалында автоунаа башкаруу - 93;

- автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо - 11;

- айдоочулук күбөлүгү жок автоунаа башкаруу - 52;

- техникалык каражаттарды каттоо эрежесин бузуу - 100;

- автоунааны техникалык бузуулары менен башкаруу - 10;

- жөө жүргүнчүлөр жана велосипедчендер катышкан жол эрежелерин бузуулар - 173;

- башка жол эрежелерин бузуулар - 5 448. Ал эми ар кандай жол эрежесин бузган 598 автоунаа айып короосуна киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий