• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте дүлөйлөр арасында таэквандо боюнча экинчи дүйнө чемпионаты өтөт

Спорт 0

Бишкек, 20.03.24. /Кабар/. 25-марттан 30-мартка чейин Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында дүлөйлөр арасында таэквандо боюнча экинчи дүйнөлүк чемпионат өтөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Дене тарбия жана спорт департаментинин жогорку жетишкендик спорту бөлүмүнүн башчысы Тилекмат Абдырахманов билдирди.

Анын айтымында, чемпионатка дүйнөнүн 14 өлкөсүнөн 200гө чукул спортчулар катышатю Кытай, Хорватия, Корея, Мексика, Япония, Гонконг, Казакстан, Өзбекстан, Таиланд, Украина жана башка өлкөлөрдөн спортчулардын келүүсү күтүлүүдө.

"Спорттук иш-чараны өткөрүү үчүн республикалык бюджеттен 4 млн сом каралган. Спорттун бул түрүн өнүктүрүү үчун чоң иштер жасалууда. Муну дүйлөйлөр арасында сурдо-таэквандону жайылтуу деп айтса болот. Биз майыптыгы бар адамдар дагы кандай болбосун спортто чоң ийгиликтерге жетише аларын көрсөткүбүз келет. Ошондой эле өлкөдө сурдолимпиадалык спортту өнүктүрүүгө мамлекет зор салыш кошуп жатканын белгилей кетүү керек. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү - спорттогу мүмкүнчүлүктөрдү чектөө эмес. Ар бир адамда спорт менен машыгып, бийиктикке жетүү мүмкүнчүлүгү бар. Биздин максатыбыз ишке ашат – Кыргызстандын ар бир өзгөчө жараны мындай мүмкүнчүлүккө ээ болот", — деди Абдрахманов.

Иш-чаранын расмий ачылышы 26-мартта өтөт. Кирүү акысыз.

Пикир

Оставить комментарий