• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Бишкекте эл аралык издөөдө жүргөн жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.03.24. /Акназик Тургунбаева – Кабар/. Эл аралык издөөдө жүргөн Р.Т. аттуу жаран үстүбүздөгү жылдын 13-мартында милиция кызматкерлери тарабынан кармалды.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, Бишкектеги өңүнөн таануу системасы менен коомдук жайларда орнотулган сырткы видео байкоо камералары анын издөөдө экенин аныктаган.

Кармалган жаран тиешелүү кызматтарга өткөрүлүп берилди.

Эске салсак, 2023-жылдын май айынан тартып Россиянын Алтай аймагында Федералдык аткаруу жана жаза башкармалыгы Р. Т. аттуу жаранды кылмышка даярдануу жана кылмышка аракет кылуу беренеси менен , ошондой эле төлөмдөрдү алуудагы алдамчылык боюнча издөө жарыялаган.

Пикир

Оставить комментарий